Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Элчилик айрым саясатчылардын улутчул билдирүүлөрүнө тынчсызданууда


Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн тараткан билдирүүдө соңку кездерде айрым саясий партиялардын лидерлеринин улутчул маанайдагы сөздөрү жана Кыргызстандагы кырдаал тууралуу өз пикирлерин айткан жарандарга ачык эле кысым болуп жатканы белгиленген. Билдирүүдө Кыргызстандын БУУ, ЕККУ, КМШнын адам укуктарын жана улуттук азчылыктын, жалпы эле кыргызстандыктардын укуктарын сактоо боюнча нормативдик актыларга кошулганы, айрым бир улуттарга кысым көрсөтүү Кыргызстандын беделин түшүрөрү айтылган. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги саясат талдоочулар Александр Князев менен Нур Омаровго кол салууларга өзгөчө тынчсыздануусун билдирген. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG