Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Ош: үйсүз калгандардын арманы


Ош коогалаңында өрттөлгөн, талкаланган үйлөрдүн урандылары тазаланууда.
Ош коогалаңында өрттөлгөн, талкаланган үйлөрдүн урандылары тазаланууда.

Оштогу коогалаңдын кесепетинен жер которгондордун саны кескин өсүп, расмий маалыматтарда 2238 адам Кыргызстандын ичинде жер которгону айтылууда. Мындан тышкары 20 миңдей адам өлкөдөн чыгып кеткен.

Оштон Орусияга 20 миңдей адам чыгып кетти

Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармылыгы кабарлагандай, 20-июндан тартып бүгүнкү күнгө чейин Ош аэропорту аркылуу Москва, Екатеринбург, Красноярск жана Новосибирск сыяктуу Орусия шаарларына карай 20 миң киши учуп кетти. Кеткендердин 71% Кыргыз Республикасынын жарандары. Ал эми ички миграциясынын статистикасына көз салсак 1-июлга чейин Бишкекке 395 киши келди, 889 башка шаар жана райондорго кетишти.

- Өз өлкөмдөн кетким келген жок, бирок кетүүгө мажбурмун. Төрт баланын атасымын, алардын келечегин ойлоп үй-бүлөмдү көчүрүп жатам. Кудайга шүгүр, биздин Орусияда туугандарыбыз бар, жетип алсак анан эптеп иштеп, бутубузга турарбыз, - дейт сыртка чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун бири Мурат.

- Алгач колунда барлар учуп кетишти. Азыр туугандарымдын көбү Казакстанда. Алар эми кайтып келишеби белгисиз. Абал кооптуу. Балдарды азырынча Бишкекке жибердим, акча топтоп Казакстанга жөнөтөм,- деди Оштун Черемушка районунун тургуну Рахима Ибрагимова.

Шамал согот...

Шаардагы Ош кичи районунда 16 майыптын үй-бүлөсү жашайт. Уруш башталганда үйлөрүнөн качып чыгышкан. Бир жума ар кайсы айылдарда, тууган, тааныштарынын үйлөрүндө бекинип жүрүп, акыры мэрия тарабынан “Жаштар” пионер лагеринде жайгаштырылды. Учурда бул лагерде 214 адам жашап атат, алардын 84ү майып, калганы жер которгондор.

Лагердин тургундарынын жашоо шартына көз салсак, лагердин картон дубалдарынан шамал согуп турат, бир бөлмөдө 10-15 киши жашайт, биз кечки тамактанууга туш келдик. Тизилип отуруп алып тез даяр болуучу кесмени ысык сууга салып, чай ичип отурушуптур.

- Майыптар үчүн аябай кыйын болуп жатат. Бул жакта шарт жок да. Көзү көрбөгөн байкуштарды ажаатканага жетелеп барбаса отура беришет. Бизге эл аралык майыптар уюмдары эч кандай жардам берген жок. Мэрия колунан келишинче жардам берип атат. Ушул 16 майыптардын үй-бүлөсүнө кайсыл жерде үй бүтсө беребиз дешти эле. Андан тышкары окуу көйгөйлүү болуп жатат. Мисалы, Айнура эженин эки кызы тең Нариманда орус класста окушчу, ал эми лагерге жакын жайгашкан кыргыз мектеп гана бар. Мектепке күндө барып келүү үчүн акча жок,-дейт майып эжесин багып жүргөн Мамажакыпова Гүлмайрам.

Лагердин Чынара аттуу дагы бир тургуну үйүнө кайтууга кооптонуп жатканын айтат:

- Абал тынчыды, эми кайтып, таланып-тонолгон үйүбүздү жыйыштыралык деп бир күн түнөгөнбүз. Болбой эле лагерге кайтып келдик. Кооптуу, үйдөн чыга албайсың, балдар түнү коркуп ыйлашты. Азыр эл бири-бирине ишенбейт.

Кыштан кантип чыгабыз?

Лагерде жайгашкан майыптар кышты кантип өткөрүшөт? Аларга биринчи ирет курулуп бүткөн үйлөрдөн берилет деген кеп канчалык реалдуу? Бул суроолорго Ош облусунун социалдык суроолор боюнча вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев жооп берди:

- Булар өзбек айылдарында жашашкан. Июнь тополоңунда өмүрүнө коркунуч жаралгандыктан качып чыгышты. Абал турукташканча убактылуу лагерге жайгаштыралган, буюрса кышка чейин баарын кайра өз үйлөрүнө кайтарабыз. Ал эми жаңы үйлөр тууралуу, чынында эки жыл мурун үйлөр курулуп берилет деген сөз болгон, бирок азыр айтуу абдан кыйын.

Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча генералдык дирекциянын маалымат кызматы кабарлагандай, учурда Ош жана Жалал-Абад облусу боюнча 1861 үй жабыр тарткан. Үйлөрү күйүп, жабыр тартып жер которууга аргасыз болгон, же качып кеткендер үчүн эл аралык уюмдар жардам беребиз деп жатат. Булардын катарындагы АКТЕД эл аралык уюмунун жетекчисинин орун басары Алтынбек Кадыров үй куруу пландары тууралуу айтып берди:

- Биз мамлекеттик жетекчилик менен кызматташып, эки бөлмөлүү 400 үй курууга милдеттенгенбиз. Курулуш иштерин алты стадияга бөлгөнбүз. Биринчи, тазалоо иштерин жүргүзүү. Экинчи, инженерлер менен эки бөлмөлүү үйлөрдү чийип, керектүү курулуш материалдарын сатып алуу. Учурда дал ушул бөлүктө иш алып баратабыз.

Ош: үйсүз калгандардын арманы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

XS
SM
MD
LG