Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Таласта төө бурчактын баасы төмөн болушу ыктымал


Казакстан тарабынан жабылган чек аралар ачылбаса Таласта төө бурчактын баасы төмөн болушу ыктымал. Башка мамлекеттерге экспорттолуп жаткан төө бурчактын 40-50 пайызы Таластагы Маймак темир жол бекети аркылуу жөнөтүлөт. Бирок Казакстан тарабынан «Айша-биби» чек ара бекети гана ачылып, калгандары жабык бойдон калууда. Маймак темир жолдогу чек ара бекетин кыргыз өкмөтү тарабынан сүйлөшүп чечмейинче дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн түшүмдү унаалар менен Таластан Бишкекке ташуу чоң чыгымды алып келет. Аталган темир жол аркылуу кышка карата Таласка ташылган көмүр да жетпей, аны баасы кымбатка турарын «Азаттыкка» облус губернаторунун биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Анарбек Жумалиев маалымдады. Анын айтымында, бул маселе боюнча кыргыз өкмөтүнө жана башка тиешелүү тармактарга кат жолдонгон. Маймак бекети үстүдөгү жылдын 20-августунда жабылган. (UA)

XS
SM
MD
LG