Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу протоколго кол коюшат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда кыргыз-орус куралдуу күчтөрүнүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн өкүлдөрү эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу, Орусиянын Кыргызстандагы аскерий объектилери туурасындагы 1993-жылы түзүлгөн келишимди өзгөртүү жана ижара акысы боюнча келишимдердин долбоорун даярдоо боюнча болду.
Ал эми 25-сентябрда Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен чек ара кызматынын башчысы Владимир Проничев Кыргызстанга келип, кыргыз-орус аскердик кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктоосу күтүлүүдө. (AJ)