Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:17

Нарында куткаруу иштери уланууда


Облустагы Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда калың жааган карда калып кеткен адамдар тик учак менен Ак-Муз айылына апкелинген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындан тышкары жайлоолордо калып калгандарга тамак-аш, дары-дармек жана малга тоют жеткирүүдө, бул үчүн 1 тонна күйүүчү май бөлүнгөн. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү күнгө чейин Жаңы-Жер, Карга-Жайлоо, Арчалуу, Узун-Булак жана Кашка-Суу айылдарына кеткен жолдор кардан тазаланып, мал-жандыктар коопсуз жерге жеткирилди. Ушул тапта Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүндөгү башка айылдарга жол ачуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Нарында 18-сентябрдын түнү жааган жамгырдын аягы карга айланып, Ат-Башы менен Нарын райондорунун төмөнкү аймактарында кардын калыңдыгы 30-40 сантиметрге жеткен. Ал эми өрөөндүн жогорку аймактарында сексен сантиметр, тоолуу аймактарда бир метрден ашык кар түшкөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG