Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Кыргызстандагы орус аскерий обьекттери биригет


Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимовдун маалымат жыйынында билдиргени боюнча Канттагы аскердик аба базасы, Чалдовардагы байланыш түйүнү, Ысык-Көлдөгү торпедо сыноочу полигон жана Майлы-Суудагы сейсмологиялык станция бирдиктүү аскердик түзүмгө биригет. Анын айтуусунда буга байланыштуу ар кандай талаштуу маселелер сүйлөшүүлөр учурунда жөнгө салынды, демек, эки тараптуу келишимге кол коюлат деген ишеним бар деди Валерий Герасимов.
Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штаб башчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Герасимов баштаган аскердик делегация Кыргызстанга 20-сентябрда келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG