Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

«Жарандар коррупцияга каршы» уюму президентке кайрылды


Аталган коомдук уюм өз кайрылуусунда Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин ишин адилет кароону мамлекет башчыдан өтүнөт. Анда аталган кызматкерлер 7-апрель күнү өздөрүнүн иш ордунда «КР мамлекеттик күзөт тууралуу» мыйзамына ылайык аскердик милдетин аткарып турушканы белгиленет. Аларды 7-апрелден кийин Башкы прокуратура мыйзамсыз куугунтуктап, 11-12-май күндөрү камакка алганы да мыйзамсыз деп эсептейт укук коргоочу уюм. Президентке жазылган кайрылууда офицерлерди камакка алууда кылмыш-процессуалдык кодекстин нормалары одоно бузулганы, буга соттор да көз жуумп койгону да айтылат. «Жарандык коом коррупцияга каршы» коомдук уюму мамлекет башчыга «аскер жана күч кызматкерлеринин ролун баалабоонун өзү мамлекеттин коопсуздугу үчүн коркунучтуу болорун эскертип, «Альфа» бөлүгүнүн жана мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлерине байланыштуу ишти атайын комиссиянын иликтөөсүнө тапшырууга жана сот, тартип коргоо органдарын реформалоону тездетүүгө, ошондой эле прокуратуранын бардык жетекчилерин кызматтан алууга чакырган.
Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевге жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерине 7-апрелде куралсыз элге каршы ок аткан, курал-жарактарын жоготкон деген айып тагылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG