Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Ал-Жазира НАТО аскерлерине нааразы

Ал-Жазира телеканалы НАТО Ооганстандагы согушту чагылдырууга бөгөт коюуда деп айыптады. Катарда жайгашкан каналдын өкүлдөрү маалымдашкандай, оогандык эки операторун бейпилдик күчтөрү кармап кетишкен. Ал-Жазиранын ырастоосунда, НАТО жетектеген эл аралык күчтөр операторлор козголоңчулар менен кызматташканын, талиптердин үгүтүн жайылтууга көмөкчү болгонун айтып, камакка алууну тастыктады. Ал-Жазира андай айыптоолорду четке какты жана кызматкерлеринин бошотулушун талап кылды. Эл аралык күчтөрдөн азырынча комментарий түшө элек.
XS
SM
MD
LG