Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Бишкекте “Оймо-2010” фестивалы өтүүдө


Бул тууралуу билдирген “Көркөм өнөр жана маданият боюнча Орто Азия түйүнү” борборунун жетекчиси Алмаш Найзабекованын айтымында, фестивалдын максаты жарандар ортосундагы достук мамилени чыңдоо, этникалык топторго бөлүнбөө, демократиялык өнүгүүнү колдоо жана алдыдагы парламенттик шайлоого жигердүү катышып, татыктууларга ачык, таза добуш берүүгө үндөө болуп саналат. Фестивалга көркөм өнөр ээлери, өздүк көркөм чыгармачыл топтордун, элдердин достугу Ассамблеясынын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин жанына жүздөн ашуун кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюм-теримдеринин жарманкеси уюштурулууда. “Оймо-2010” фестивалы 21-сентябрда башталып, 27-сентябрга чейин улантылат. (AJ)

XS
SM
MD
LG