"Учкун" басмаканасында парламенттик шайлоого бюллетендер басылууда. Учурда ал жерди Улуттук коопсуздук кызматынын, милиция органдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катуу көзөмөлдөп, нөөмөттө турушат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Нурлан Шерипов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзамга ылайык бюллетендер шайлоого 10 күн калганда облустук жана райондук шайлоо участкаларына жеткирилет. Маалыматка караганда, парламенттик шайлоого жалпысынан 2 миллион 800 миңден ашыгырак бюллетен чыгарылат. (AJ)