Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

Кыргызстанда 1 миллион тоннадан ашуун дан эгиндери жыйналды


Бул өткөн жылга салыштырмалуу 135 миң тоннага аз. Жалпысынан буудай эгилген аянттардын 87, арпа аянттын 89 пайыздан ашууну жыйналып алынган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов кабарлады. Анын айтымында, быйыл түшүм өткөн жылга салыштырмалуу 4 центнерге төмөн болууда жана сырткы өлкөлөрдөн 350 миң тоннадай буудай, ун алынып келинет. Министр өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы болбой тургандыгын, бул үчүн чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Буга чейин Нарында 4 миң гектарга жакын аянтта эгин капыстан жааган кар алдында калганы кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG