Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Иран президенти БУУда сүйлөгөндө Батыш делегациялары чыгып кетти


Батыш делегациялары БУУнун Башкы ассамблеясы өтүп жаткан залдан Махмуд Ахмадинежад 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар боюнча версияларга токтолуп, алардын бирине ылайык, чабуулду АКШ өкмөтүнүн ичиндеги элементтер өздөрү уюштурган болушу мүмкүндүгү жөнүндө айта баштаганда чыгып кетишти. Махмуд Ахмадинежаддын пикиринде, бул АКШнын экономикасын жакшыртуу, Жакынкы Чыгыштагы таасирин күчөтүү, Израилге жардам көргөзүү максатында жасалган болушу мүмкүн. АКШнын БУУдагы өкүлчүлүгү Иран президентинин бул сөздөрүн , “жийиркеничтүү жана сандырак” кеп катары баалап, ал сүйлөй электе айыптаган билдирүү тараткан.

Ак үйдүн маалыматына караганда, президент Барак Обама Иран президенти мындай кепти 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуул жасалган Нью-Йорктон туруп айтышын “кыжыр келтирерлик жана кордогондук” деп мүнөздөдү. Иран президентинин сөздөрү “кыжыр келтирерлик жана кабыл алынгыс” экенин Евробримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Аштон да белгиледи. Ахмадинежад сүйлөп жатканда залдан АКШ менен Европа өлкөлөрүнөн башка Австралиянын, Жаңы Зеландиянын, Коста-Риканын, Канаданын делегациялары да чыгып кеткен.

АКШ 2001-жылдын 11-сентябрында 3 миңдей адамды мерт кылган террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти Усама бин-Ладен баштаган “ал-Каида” террордук уюмуна жүктөгөн.

XS
SM
MD
LG