Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:04

АКШ жана Кыргызстан президенттери жолугат


Барак Обама Роза Отунбаева менен бүгүн, жума күнү Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда жолугары күтүлүүдө. АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин кечээ журналисттерге билдиргенине караганда, АКШ президенти жолугушууда Кыргызстандын алдында турган демократиялык мүмкүнчүлүктөргө көңүл буруп, кыргыз кесиптеши менен парламенттик шайлоону ачык жана адилет өткөрүү боюнча аракеттерди талкуулоону мерчемдөөдө. Роберт Блейктин айтымында, АКШнын өкмөтү Кыргызстанга 10-октябрдагы шайлоону уюштуруусуна жардам көргөзүү үчүн 5 миллион доллар ажыратты. Бүгүн ошондой эле Роза Отунбаеванын БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында чыгып сүйлөөсү да белгиленген. (UE)

XS
SM
MD
LG