Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Уйгур укук коргоочусу тууралуу тасманы көрсөтүү үзгүлтүккө учурады


Кытайлык уйгур тектүү укук коргоочу Рабия Кадырдын өмүр баяны, жашоо-турмушун чагылдырган даректүү тасма Кыргызстанда бүгүн көрсөтүлмөк. Укук коргоочу жана “Бир дүйнө-2010” даректүү тасмалар фестивалынын уюштуруучуларынын бири Диана Макенбаеванын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, тасма көрсөтүлөр алдында Улуттук коопсуздук кызматынын эки өкүлү келип, фестиваль өтүп жаткан Улуттук тарых музейинин жетекчисин жана орун басарын коркутушкан. “Фестивалдын башка уюштуруучулары алар менен сүйлөшкөндө УКМК кызматкерлери көрсөтүүгө макулдугун берген. Бирок тасма коюлгандан жарым саат өткөндө жарыкты күйгүзүп, фильмди көрсөтпөй коюшту. Негизинен анда чочулай турган деле эч нерсе жок болчу”, - дейт Д.Макенбаева.

Бирок андан көп өтпөй тасма ошол токтогон жерден кайра көрсөтүлгөнү кабарланууда.

Уйгурлардын “Иттипак” уюму “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборуна буга чейин ал фильмди шайлоо өткөнгө чейин көрсөтпөөнү суранган кат жолдошкон. Маалыматка караганда, аталган уюмдун өкүлдөрүн УКМКнын кызматкерлери ушундай кат жолдоого мажбурлашкан жана мындай учур аталган фестивалдын тарыхында биринчи болуп жатат.

Рабия Кадыр уйгурлардын дүйнөлүк конгрессинин президенти, укук коргоочу. Ал 1990-жылдары Кытайдагы эң бай жети адамдын катарына кирген. Учурунда ал Кытай өкмөтүнүн кеңешчиси болуп турган жана кийин уйгурларга жасаган аракеттерди ачык сындап келген. Укук коргоочу тууралуу бул даректүү тасманы австралиялык режиссер Жефф Дениэлс тарткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG