Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Президент Роза Отунбаева АКШ президенти Барак Обама менен жолугушту


Жолугушуу кечээ Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын отурумунун алкагында өттү. Анда Барак Обама Кыргызстандагы демократиялык институттарды калыбына келтирүүдө акыркы айлардагы президент Роза Отунбаеванын иш аракетин жогору баалаган. «Жаңы өкмөт көз карандысыз массалык маалымат каражаттарына болгон чектөөлөрдү жойду, референдум аркылуу жактырылган конституциянын жаңы долбоорун даярдады жана шайлоону өткөргөнү жатат. Мен мындай аракеттер өлкө тургундарынын социалдык-экономикалык жактан жогорулоосуна шарт түзүп берет деп ишенем. Сиздер жүргүзүп жаткан реформаларды биз толугу менен колдойбуз деп ишендирип кетким келет”, - деди президент Барак Обама.

Тараптар мындан тышкары коопсуздук маселелерин да талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда өлкө түштүгүндөгү абалды жөнгөрүүдө жана калыбына келтирүү иштери боюнча кыргыз өкмөтүнүн иштери белгиленди. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG