Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:01

Израиль конуштарды тургузууну уланта берчүдөй


Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт конуштарында жашаган элди “сабырдуулукка жана токтооолукка” чакырды. Бүгүн курулуштарга киргизилген мораторийдин мөөнөтү соңуна чыгууда. Эларалык коомчулук конуштарды тургузуу улана берсе, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу процесси үзгүлтүккө учурайт деген кооптонуусун билдирүүдө. Палестина лидери Махмуд Аббас мораторий узартылбаса, бир айдай мурун жанданган сүйлөшүүлөрдү таштап кетүү жөнүндө эскертип келатат. Иордан дарыясынын батыш жээгин палестиндер болочок Палестина мамлекетинин аймагы катары эсептешет. АКШ президенти Барак Обаманын үндөөлөрүнө карабай, Израиль курулуштарга тыюуну узартпай койду. Ревава конушунда мораторийдин аякташына байланыштуу бир нече турак жайдын пайдубалын салуу салтанаты болду.

XS
SM
MD
LG