Кыргызстандын бийлиги июнь айында өлкө түштүгүндө болгон коогалаңды эл аралык иликтөөгө алуу керектигин колдойт. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева менен АКШ президенти Барак Обаманын Нью-Йорк шаарындагы жолугушуусунда айтылган. Президенттин АКШга иш-сапары тууралуу маалымат берген президенттин администрация башчысынын орун басары Муктар Жумалиевдин айтымында, кыргыз бийлиги июндагы коогалаңды эл аралык иликтөөгө алууну колдоорун ага чейин да айтып келген. (IJz)