Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

МАГАТЭде жетекчилик милдети Пакистанга өттү


Бириккен улуттар уюмунун атомдук маселелер боюнча агенттиги МАГАТЭде жетекчилик кылуу иши Малайзиядан Пакистанга өттү. Анын талапкердигин Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү сунуш этишкен. Пакистан массалык кыргынча салчу куралды жайылтоо боюнча эл аралык келишимге кол койгон эмес. Анын үстүнө Батыш пакистандык окумуштуу Абдул Кадир Ханды (айрымдар аны Пакистандагы “атом бомбасынын атасы” дешет) Иран менен Түндүк Кореяга айрым технологияларды мыйзамсыз өткөрүп жиберген деп күнөөлөп жүрөт. Мына ушунун баарына карабай, Венадагы жыйында МАГАТЭнин директорлор кеңеши жетекчиликти Исламабадга өткөрүп берди.

XS
SM
MD
LG