Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Ош, Жалал-Абадда курулуш иштери план боюнча баратат


Бул тууралуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын маалымат кызматы билдирет.

Жалал-Абад облусунда үч өткөөл үй бүткөрүлүп, октябрга чейин дагы 55 өткөөл үйлөр жабырлануучуларга тапшырылмакчы. Ушул тапта аталган облуста 90 үйдүн пайдубалы куйулуп, 209 үйдүн дубалы тургузулду. Жалал-Абад шаарында 5 кабаттуу 60 батирлик үй курулууда. Ал эми Ош шаары менен Ош облусунда 595 үйдүн пайдубалы куйулуп, 136 үйдүн дубалы тургузулган. Дагы 584 үйдүн пайдубалы куйула баштады. Ош шаарында бүгүнкү күнү 5 кабаттуу 75 батирлик үй курулуп бүттү. Андан тышкары 4 кабаттуу 64 батирлик үй курулуп атат. Кара-Суу районунун Шарк айылында 520 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда.

Мамдирекциядан билдиришкендей, турак-жайынан айрылгандардын бардыгы жыл соңуна чейин үйлөр менен камсыз болушат. (IJz)

XS
SM
MD
LG