Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова маалымат жыйынында билдирди. Мындай чочулоо үгүт маалындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү учурунда байкалган. Бейөкмөт уюмдар жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктарына караганда, кырдаал турукташып бараткандыктан эл арасында сарсанаа болгондор азая түштү. Бирок ошентсе да 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарынан кийин айрым партиялар чатак чыгарат, тополоң уюштурат деп корккондор көп болууда. (IJz)