Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

Азербайжан менен Кыргызстандын акыйкатчылары кызматташат


Азербайжандын борбору Баку шаарында иш-сапары менен жүргөн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун Азербайжандын акыйкатчысы Элмира Сулейманова менен жолугушту. Эки акыйкатчы адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу тууралуу келишип, өзгөчө миграция маселесине жана аялдар менен балдарды коргоого көңүл буруу керектигин баса белгилешти.

Акыйкатчы Т.Акун 30-сентябрда Армениянын борбору Ереван калаасына барып, “Азчылыктардын укуктарын коргоо жана гендердик теңчилик” аттуу эл аралык жыйынга катышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG