Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

Баткен: чек арада атылган октон бир жаран жараат алды


28-сентябрь күнү Баткендин Өзбекстан менен чектеш Кадамжай районунун Кайтпас айылында чек ара тилкесине 500 метр бери жакта мал издеп жүргөн Алмаз Жороевге Өзбекстандын чек ара кызматкери ок аткан. Алмаз Жороевдин айтымында, ага эч ким эскертүү берген эмес. Өзбек чек арачысы аткан ок кыргыз жараны Алмаз Жороевдин сол далысына кирип, денесинде калып калган. Дарыгерлер денедеги окту алып, учурда анын абалы туруктуу. Баткен облустук администрациясынын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев "Азаттыктын" аймактагы кабарчысына бул боюнча атайын топ түзүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын билдирди. Азырынча бул окуя тууралуу Өзбекстан тараптын расмий мамилесин билүүгө мүмкүн болгон жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG