Рамаллада АКШнын атайын өкүлү менен палестин автономиясынын башчысы тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашат. Митчелл кечээ Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Оккупацияланган аймактарда конуштарды куруу мораторийин улантуудан баш тарткан израил өкмөтүнүн чечимине жооп кылып палестин жетекчилиги эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн чыга турганын билдирген эле.