Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Ноокенде кандуу окуя боюнча сот башталаар алдында чыр чыкты


13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында болгон адам өлтүрүүлөр үчүн айыпталып жаткандардын жакындары сотко катышуу үчүн келишкен. Аларды туугандары мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жабырлануучулар сот имаратына жолотпой, көчөдөн кууганга аракет кылышты. Ноокенде жүргөн кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун маалымдашынча, азыр милициянын аракети менен чатак токтотулду.

Пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанында болгон адам өлтүрүү окуясы боюнча соттук териштирүүнү Сузак райондук соту кароодо. Бүгүнкү күнгө белгиленген сот иши коопсуздукка байланыштуу Ноокен районунда өтмөкчү. Ушул тапта сот иши башталаар алдында.
13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюндагы пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанына 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгы бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгонун, 9 автоунаа өрттөлгөнүн маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG