Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Укук коргоочулар: Июнь окуясы боюнча шектелгендерге күч колдонулууда


“Жарандык коом коррупцияга каршы” коомдук уюму июнь окуясы боюнча шектелип, соттолуп жаткандарга ар тараптуу зордук-зомбулуктар болуп жатат деген тынчсыздануусун билдирди. Билдирүүдө айтылгандай Кара-Суу райондук милиция башчысын айдоочусу менен кошо өлтүргөн деп айыпталып жаткан 10 кишини сот учурунда жабырлануучулар жана алардын жакындары сабап салышкан. “15-сентябрда Кара-Суу райондук сотунда сот, милиция жана сот аткаруучулардын көзүнчө соттолуучулар Садыкжанов менен Хайдаровду жыйырма чакты киши токмоктоп салышкан, соттолуучулардын туугандары райондук соттун төрагасын, прокуратура кызматкерлеринен уруп-сабоону токтотууну өтүнүшкөн, бирок алар эч кандай аракет кылышкан эмес. Соттолуучулардын токмок жегенин каттоодон СИЗОнун кызматкерлери да баш тартышкан”, деп айтылат маалыматта. Укук коргоочулар мындан тышкары соттолуучуларга милиция кызматкерлери да күч колдонушканын белгилешет. Билдирүүдө “29-сентябрь күнү сот жараянына танапис учурунда үч айыпталуучу отурган тордун ичине милиция кызматкерлери кирип, катуу сабап салышкан,” деп жазылат. Укук коргоочулардын бул билдирүүсүн Кара-Суу окуясы боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты да тастыктады. Анын “Азаттыкка” айтканы боюнча соттолуучуларга көрсөтүлүп жаткан зомбулук тууралуу сотко билдирген учурда жабырлануучулар адвокаттын өзүнө күч колдонууга аракет кылышкан.

Бул билдирүүлөр боюнча Башкы прокуратура жообун бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG