Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Башкы прокуратура: "кылым курулушу" ашкере кымбат бааланган


Башкы прокуратура тарабынан “Электр станциялары”, Камбар-Ата-2 ГЭСинин жана “Нарынсууэнергокурулуш” ишканаларынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Бул ишке Камбар-Ата-2 ГЭСин курууда акча уурдаган, курулуш материалдарынын баалары жана кызмат акылары ашыкча жогорулатып эсептелгени себеп болгону айтылууда. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Нарын суусуна чөйчөк курууга даярдык көрүүгө жана тоону жардырууга 347 млн. сом ашыкча сарпталган. Мындан тышкары дагы бир катар каржылык мыйзамсыздыктар бар деп айтылат маалыматта. Бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштерин жүргүзүү Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү кылмыш иштерин иликтөө башкармалыгына жүктөлдү.

Кылым курулушу аталган Камбар-Ата-2 ГЭСинин СССР кулагандан бери токтоп турган курулушу 2007-жылы уланып, быйыл 30-августта президент Роза Отунбаеванын катышуусу менен ГЭСтин 1-агрегаты ишки киргени маалымдалган. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун "Нарынсууэнергокурулуш" ишканасы жүргүзгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG