Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Сахнаны ким ээледи, ким тебеледи?


Айрым маалыматтарга ылайык, акыркы эки жылда чоң сахнага келген жаштардын саны жүзгө жетет. Бирок музыка таануучулардын баамында, минтип саны көбөйгөнү менен сапаты дээрлик жокко эсе болуп, ырчылык өнөр унутта калып бараткандай.

Жан элим, ишенем сага,
Жан жерим, ишенем сага.


Бул ырчы Самат Дөөлөтбаковдун “Ишенүү” аттуу ырынын кайырмасы.

Манасчы чечен боломун,
Комузду мендей ойногун.
Тепкеним элден өзгөчө,
Күлүк атым болсочу.


Ырчы Добрдын “Кыргызмын” аттуу ырынан үзүндү.

Жогорудагы ырлардын сөзүнө жаш акын Алтынбек Исмаилов өз баасын берди:

- Жаңы гана сахнага агылып келаткан жаш ырчылардын сөздөрү мени канааттандырбайт. Мисалы, “Ишенүү” деген ырдагы “Жан жерим, ишенем сага” деген сөз эмне маани бере тургандыгын баарыбыз беш колдой билебиз. Айтпай эле коеюн, айтсам уят болот. Ал эми экинчи ырда кыргызды даңктагысы келип атат, түшүнүп атам. Бирок кыргызда эч качан атты тепкен эмес, атты минет же жетелейт.
Алтынбек Исмаилов

Соңку кездерде чыгарманын текстине бир топ сын пикирлер айтылып келет. Ошол эле маалда ырчылардын да мындай сын сөздөргө жооптору бар. Рэп стилинде ырдап жүргөн ырчы Добрдын айтымында, ырдын сөзүн улуу муундагы акындарга жаздыруу алар үчүн ыңгайлуу эмес, анткени азыркы замандын музыкалык ыргактары таптакыр башка:

- Биз белгилүү акындар менен иштешип деле көргөнбүз. Бирок кыска сөз болот, узун сөз болот дегендей, ырдын аранжировкасына түшүрүп ырдайбыз. Рэпти жакшылап угуш керек. Ошондо гана түшүнөсүңөр. Рэп деген такыр башка стиль. Адамдын кулагына уккулуктуу да кылып, анан сөздүн маанисин да алып кетишибиз керек.

Ырчы Бекчоронун айтымында, ырчы чыгарманын сөзүнө гана көңүл бурбастан, сырткы келбети, сахнада өзүн алып жүрүүсү да чоң роль ойнойт.

- Бул жерде бир гана ырдын сөзүнө көңүл буруу эмес, ырчы башкалардан айырмаланып кийиниши керек. Музыкасын жаздырып жатканда да башкачарак кылыш үчүн аракет жасаш керек. Ушул сапаттары менен айырмаланган ырчыны берилип иштеп жаткан чыныгы ырчы десек болот.

Шоу жок, бизнес бар


Жаңыдан чоң сахнаны багындырып келаткан ырчылар үчүн эл барктаган, илгертеден келе жаткан ырчылык өнөр жогору турабы же тез эле белгилүү кылган шоу-бизнеспи?

“Кыргызстанда шоу жок, бизнес бар” деп көп айтылат. Чындыгында эле ушундайбы? Шоу-бизнес англис тилинен которгондо жеке өзү, же бир топ менен ырдап чыккан ырчылардын пайда алып келүүчү комерциялык уюму деп которулат. Соңку кезде кыргыз сахнасында айрыкча казак же өзбек тилдериндеги ырларды которуп алып ырдап чыккандар көбөйүүдө. Ошол эле маалда бир эле ырды жаздырып, аны үналгы-сыналгы аркылуу кайра-кайра угузуп, ошонун арты менен концерт коюу көнүмүш адатка айлангандай. Ырчы Асылбек Өзүбеков буларды айтат:

- Ырчылык өнөр таптакыр башка тарапка ооп кетти. Эптеп эле акча табуунун жолу болуп калды. Кыргыздын нукура обондогу элдик кайрыктары жоголду. Жаш муун жоготту. Алардын ырларын тескеп, музыка тармагын көзөмөлдөөгө кишинин жоктугу, бар болбосо да кайдыгер карап отурганы өкүндүрөт. Кийинки муунга эмнени таштайбыз.

Табит таңууланбайт

Бирок кыргыз эстрадасы бир эле жерге турбашы керектигин, мезгил ыргагы менен кошо жүрүп отуруп, өнүгүүсү керектигин, баарын эле бир тепкичке коюу туура эместигин айткан өнөр адамдары да аз эмес. Продюсер Динара Эсенгулова жаш муундун талабы менен эсептешүү керектигин белгилеп, жаңыдан шоу дүйнөсүнө аралаша баштаган жаш ырчылардын арасында иргелип келе жаткандары бар экенин айтат.
Миңдеген адамдын купулуна толуу оңой эмес.

- Албетте арасынан тандалып, суурулуп чыгышат. Жаңы агым деп жатабыз. Эмнеге бут тосушубуз керек? Чыгармачыл адамдарга чек коюуга болбойт. Жаңы чыгып келе жаткан муунга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Ал эми шоу-бизнес тууралуу айта турган болсом, экөөнү эки башка караганга болбойт. Шоу бар демек бизнес да бар. Анткени мугалим же доктур сыяктуу эле ырчылар да жасаган эмгеги үчүн акча алышы керек. Мыкты шоу тартуулап жатса, бекер болмок беле? Ал да эмгек жасап жатат.

Бизнес демекчи, бир ырды жаздырууга канча каражат кетерине кызыкканымда көпчүлүк ырчылар 200-300 доллардын тегерегинде айтышты. Ошондой эле ырды үналгылар аркылуу угармандарга жеткирүү ишине бери дегенде эле 200 доллар керек. Ал эми ырга тасма тартуу өзүнчө кеп. Тасманын сапаты да каражаттын өлчөмүнө жараша болот.

“Чагылган” ырчылар, көкүрөктөгү кыял

Бир топ ырчылар менен иштешип жүргөн акын Кыялбек Урманбетовдун айтымында, жаштардын көбү ырчы болгонго умутулат. Анткени бул өнөр менен акча табуу оңой деп эсептешет.

- Жакын туугандарыңдын деле, тааныштарыңдын деле балдар-кыздары ырдайбыз деп жан талашып жатышат. Ары жагында үнү барбы, жокпу эч ким эске албайт. Ырчылык өнөр деген чоң иш да. Ага жапайы үнүңдү тарбиялашың керек. Азыр чыгып жаткан кээ бир ырчыларда жапайы үн да жок. Эптеп чагылгандай чарт этип жанып, кайра жоголуп кеткенге деле макул. Эптеп бир чыгып калышы керек да. Жаш кезинде өздөрүн көрсөтүп калуу менен гана алек. Бир жакшы ырың болсо, дароо таанып калат экенсиң.

Леди Гага
Анткен менен ырчылык өнөр аркылуу акча табуунун гана жолун издеген ырчылар чыныгы шоу жарата албасы маалым. “Качан гана ырчыга мамлекет тарабынан болобу, атайын адамдар тарабынан болобу талаптар коюлуп, тандалып алынгандарына колдоо көрсөтүлүп, конкреттүү бир план менен иш алып барганда гана чыныгы шоу жаралат” дейт алып баруучу Азамат Эркинбаев.

- Кыргызстанда шоу жок. Ал деңгээлге жете элекпиз. Мисалы, чет өлкөлүк ырчы Леди Гаганы алып карасак, ал үнү менен да, стили менен да, клиптери менен да айырмаланып турат. Ал барган жерде шоу жаралат. Анткени чыр чатак чыгарыппы, айтор ар түрдүү ыкмалар менен элдин көңүлүн өзүнө буруп турат. Жакында эле ал Жапониядагы бир фестивалда уйдун этинен тигилген кийим кийип чыкты. Кадимки эле эттен. Бул элдин назарында болуунун бир ыкмасы. Демек ал жакка атайын түзүлгөн программасы менен барган да.

Кыргызстандагы шоу-бизнестин абалы дагы көпкө талкууланчу тема, ага кайдыгер кароого болбойт. Себеби маданияттын жаңы муунду түптөөдөгү ролу эбегейсиз болгону талашсыз. Учурдагы шоу бизнестин абалы тууралуу ырчылардын өз жообу, аларга каршы пикирдегилердин өз жообу бар. Бирок бул талаш, тартышуунун артында нукура ырчылык өнөрү унутта калып бара жатканы өкүнүчтүү.
XS
SM
MD
LG