Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

А. Давутоглу: Деструктивдүү күчтөрдүн чакырыктарына алдырбагыла

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Улуттар аралык диалог: ынтымак жана толеранттуулук” аттуу эл аралык конференцияда сөз сүйлөп, элди ар кыл деструктивдүү күчтөрдүн сөздөрүнө азгырылбай, жаштарды саясатчылардын популисттик чакырыктарына алдырбай тынчтыкта жашоого үндөдү. Ошондой эле кыргызстандыктарды 10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодо добуш берүүгө чакырды. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. (KKs)
XS
SM
MD
LG