Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:36

Пакистанда ракета соккусунан 12 согушчан жок кылынды


Пакистандын түндүк батышындагы Ооганстанга чекаралаш аймакта ракета чабуулунан согушчан деп шектелген 12 адам набыт болду. Ракетаны америкалык күчтөр аткан деп боолгонууда. Пакистандын чалгындоо кызматынын белгисиз калууну каалаган өкүлүнүн билдиришинче, эки ракета бир саат айырма менен уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан аймагындагы Даттакел кыштагындагы эки башка тамга тийген. Даттакелдиктер Ооганстандагы НАТО жана АКШ күчтөрүнүн ракета чабуулдары үчүн аймакта улам жер которуп жашынып жүрүшкөн талиптер менен “ал-Каиданын” согушчандарын күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG