Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Жуллия Гиллард НАТОнун Ооганстандагы вазийпасын жайынан барып колдоду


Австралиянын премьер-министри Жуллия Гиллард Ооганстанга күтүүсүз сапарга келип, президент Хамид Карзай менен жолугушту. Ырасмий Канберра 3-октябрда жасаган билдирүүдө Гиллард айым АКШ башындагы күчтөрдүн Ооганстандагы миссиясын колдогону белгиленет. Ал Кабылда АКШ генералы Дэвид Петреус менен да кездешип, Ооганстандын коопсуздугун Ооган күчтөрүнө өткөрүп берүү маселесин сүйлөштү. Гиллард айым өлкө түштүгүндөгү Кундуз провинциясына барып, австралиялык аскерлердин ал-ахывалы менен да таанышты. Бул премьер-министр Жуллия Гиллардын улут лидери катары чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары.

XS
SM
MD
LG