Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Айрым министрлер кызматтык унаалардан баш тартышты


Мындай маалыматты “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Экономиканы тескөө министри Эмил Үмөталиев билдирди. Аталган министрликке келгенде эле кымбат баалуу кызматтык унаадан жана жеке айдоочудан баш тарткан Э.Үмөталиевге ушул тапта Каржы министри Чоробек Имашев, Эсеп палатасынын төрагасы Сабыр Молдокулов кошулду.

Министрдин айтымында, мындай демилге өлкө бюджетинин өтө аянычтуу абалда экендиги менен байланыштуу. Ал эми чоңдорго арналган кымбат баалуу унааларга өлкө бюджетинен бир айда 45-50 миң сомго (1000 доллар) чейин каражат коротулат.

“Бул демилге популизм эмес. Биз өзүбүздүн эл алдындагы милдеттерибизди аткарышыбыз керек. Эң оболу ал каражатты талап кылат. Азыркыдай өтө оор шартта биз көп акча талап кылган кымбат баалуу унааларда жүрө албайбыз”,- дейт Э.Үмөталиев.

Айта кетсек, буга чейин Экономиканы тескөө министри Э.Үмөталиев 011 KG номерлүү Mercedes-Benz 600 үлгүсүндөгү жогорку даражалуу адамдарга арналган кызматтык унаадан баш тартып, ошондон бери министрликтеги катардагы унаанын бирин өзү айдап жүргөн. Эми аны менен катар эки министр жөнөкөй унааларга өтүп, өздөрү рулда отурмай болушту. (IJz)

XS
SM
MD
LG