Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:07

Жогорку Сот: Кара-Сууда соттук териштирүү боюнча доомат негизсиз


Жогорку сот Кара-Суу райондук милиция башчысынын өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүүдө жабырлануучулар айыпталып жаткандарга кол тийгизди, деген айрым укук коргоочулардын дооматын четке какты. Жогорку соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев сабалды дегендер тиешелүү органдарга кайрылбаганын “Азаттыкка” тастыктады.

30-сентябрда Кара-Суу райондук сотунда кылмыш ишти кароо үзгүлтүккө учураган. Буга жабырлануучулардын соттолуп жаткандарга жасаган мамилеси себеп болгону кабарланган.

Июндагы тополоңдо милициянын полковниги Адылбек Султанов жана анын айдоочусу старшина Уран Шамурзаев сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Ош шаарынын жанындагы Нариман айылына барышкан. Көп өтпөй А. Султановдун өрттөлгөн сөөгү, ал эми У. Шамурзаевдин башсыз денеси табылган. Бул иш боюнча соттук териштирүү 19-октябрда болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG