Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Башкы прокуратура Кара-Суу, Ноокен сотундагы окуяны териштирет


Башкы прокурор Кубатбек Байболов Кара-Суу менен Ноокен районундагы соттук териштирүүлөрдө чыккан жаңжалды текшерүүнү өзүнүн биринчи орун басарына тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Өткөн жумада Кара-Суу райондук сотунда аталган райондун милиция башчысы жана анын айдоочусунун өлүмүнө байланыштуу ишти кароо үзгүлтүккө учураган. Айрым укук коргоочулар сот процессинде жабырлануучулар айыпталып жаткандарга кол салганын кабарлашкан. 30-сентябрда Ноокен райондук соту "Санпадагы" адам өлтүрүүлөр боюнча ишти карай баштаганда жабырлануучулар айыпталып жаткандарга акаарат сөздөрдү айтышканы маалым болгон.

13-июнда Бишкек-Ош жолунун боюнда, пахта тазалоочу “Санпа” заводунун жанына 500-1000 чамалуу киши чогулуп, жолдон каттаган автоунааларга ок чыгарып, кол салышкан. Облустук ички иштер башкармалыгы бул күнү 16 адам өлтүрүлүп, эки киши дайынсыз жоголгонун, 9 автоунаа өрттөлгөнүн маалымдаган. Ноокенде сот 14-октябрда уланат.(EBM)

XS
SM
MD
LG