Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:37

Медицина боюнча Нобель сыйлыгы британ окумуштуусуна ыйгарылды


Бул тууралуу бүгүн Стокгольмдон Нобель комитети жарыялады. 85 жаштагы физиолог Роберт Эдвардс жасалма жол менен уруктандыруу жаатындагы көп жылдык иликтөөлөрү үчүн татыктуу болду. Британиялык бул окумуштуунун эмгектери тукумсуздукту дарылоо ыкмаларынын өнүгүшүнө ири салым кошкон. Ал дагы бир кесиптеши биргеликте ойлоп тапкан ыкма боюнча алгачкы ымыркай Британияда 1978-жылы жарык дүйнөгө келген жана андан бери төрт миллион бала төрөлүп, миллиондогон тукумсуз жубайлардын наристелүү болушуна жардам берилген. Нобель сыйлыгынын ээси 1,5 миллион доллар акча, диплом жана алтын медаль алат.

XS
SM
MD
LG