Түштүк Кореянын коргоо министрлиги билдирген маалыматтарга караганда курулуш иштери Йонбендеги мурдагы ишканага жакын жерде жүргүзүлүп жатат. Бу жердеги курулуш 2008-жылы алты тараптуу сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууга ылайык бузулган эле. Бирок бир жылдан кийин Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдөн чыккан, андан соң экинчи мерте атом сынагын өткөргөнүн жарыялаган.