Облустун Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунда июнь айындагы башаламандыкта жабыр тарткан 27 үйдүн чатыры жабылды. Бул тууралуу Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын облустагы өкүлчүлүгү билдирди. Мамлекеттик дирекция июнь окуясында өрттөнүп кеткен турак-жайлардын ичинен 424 үйдү кайра куруу зарыл деп тапкан. Ушу күнгө чейин облус борбору менен Базар-Коргон районунда 122 үйдүн дубалы тургузулду, 284 тамдын пайдубалы куюлуп бүтүп, алардын дубалдарын курууга аракеттер көрүлүүдө. Курулуштарды жүргүзүүгө эл аралык эки уюм да көмөктөшүүдө. Муктаж болгон жабырлануучуларга кайтарымсыз 50 миң сомдон жана жеңилдетилген шартта 200 миң сомдон насыя акча берилип жатат. Турак-жайынан айрылган жабырлануучулар күздүн күнүндө чатырда жашоо кыйын болуп калгандыгын билдиришкен. (YA)