Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Нью-Йоркто бомбачы өмүрүнүн акырына чейин кесилди


Пакистанда төрөлгөн америкалык жаран Нью-Йорктун Таймс аянтында машина жардырууга аракеттенген деп табылды. 31 жаштагы Файзал Шахзад 1-майда Манхеттанда жардыруу жасамак экенин июнь айында мойнуна алган. Сот өкүмүн угузганда залда отурган ньюйорктук журналист Сами Ибрагим "Азаттыктын" Пакистан бөлүмүнө буларды билдирди:

– Сот бул чечимди жарыялаганда Файзал Шахзад арабча "Аллах Акбар" - "Аллах улуу" деп кыйкыра баштады. Анан сотко кайрылып "даярдангыла, мусулмандар менен согуш эми гана башталды" деп айтты. Коопсуздук күчтөрү аны ордуна отургузууга аракеттеништи, анткени ал бир мезгилде отургучтан тура калды. Бирок ал кыйкырганын токтотпой, "Кошмо Штаттары кыйрайт, буга аз калды" деп жатты.

Шахзад АКШнын жарандыгын алгандан көп өтпөй, пакистандык талиптер ага 15 миң доллар берип, беш күн жардыргыч зат боюнча машыгуудан өткөрүшкөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG