Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:02

Түркмөн диссиденттери ЕККУнун жыйынына киргизилген жок


"Азаттыктын" Түркмөн кызматы билдиргендей, Түркмөнстандын сүргүндөгү Республикачыл партиясынын негиздөөчү төрагасы Нурмухамед Ханамов менен "Ватан" кыймылынын мүчөсү Аннадурды Хайжиев Варшавада өтүп жаткан Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун конференциясына келе албай калышты. Экөө тең Болгариядан саясий баш паанек алышкан. Хамидов ЕККУда мүчө өлкө бейөкмөт уюмдун өкүлүнө каршы болсо, аны уюмдун жыйындарына катыштырбоо жобосу бар экендигин белгилеп, ушул жобонун негизинде экөөнө Варшавадагы конференцияга катышууга тыюу салынганын билдирди. Астанада декабрда өтө турган саммиттин биринчи баскычы болгон Польшадагы конференцияга 400 чакты бейөкмөт уюмдар катышууда. Уюмдун маалымат катчысы Фране Марович Аннадурди Хажиевге кылмыш айыптары коюлганы тууралуу мүчө мамлекеттен кат келип түшкөндүгүн бышыктады. Марович бирок Ханамов жыйынга катышам деп катталбагандыгын билдирди. Саммиттин Астанага чейинки экинчи баскычы Венада өтөт.

XS
SM
MD
LG