Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

"Жаңжал шайлоочулар сабатсыздыгынан чыгышы ыктымал"


Бул тууралуу Коомдук көзөмөл штабынын өкүлү, укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, кайсы бир аймактан көп добуш алып, башка жерден 0,5 пайыз чектен өтпөй калган партиялар шайлоочуларын адаштырып, алдап атайын чыр чыгарганга аракет жасашы мүмкүн. “Алар добуш бергендерге "бизди силер колдодуңар, бирок башка аймактан өтө албай калдык", деп айтышпайт, "силер колдосоңор деле өткөрбөй коюшту", дешет. Ошондуктан маалымат каражаттары жана Борбордук шайлоо комиссиясы 0,5 пайыз чектин маани-маңызы тууралуу түшүндүрүү иштерин азыр жетиштүү жүргүзүшү зарыл”, - дейт Д. Ошурахунова. (EBM)

XS
SM
MD
LG