Бул тууралуу Британ тышкы иштер министрлиги тастыктады. Британ элчилигинин бир өкүлү жеңил жарадар болгон. Буга чейин Йемен шаарынын полициясы Сана шаарында британ элчилигинин дипломатиялык машинесине көздөй граната ыргытылып, андан үч адам жабыркаганын билдирген. Апрел айында британ элчисиинин күзөтчүлөрүнө жан кечти кол салып, анда дагы беймараал жүргөн үч киши жараат алган. Кол салууну ал-Каида тобунун жергиликтүү тобу ишке ашыргандыгын кийинчерек мойнуна алган.
Бүгүн баш калаа Санада жайгашкан австриялык кара май жана газ компаниясынын кароолчусу менен өкмөттүк күчтөр атыша кетип, бир француз өлгөнү кабарланды.
Бүгүн баш калаа Санада жайгашкан австриялык кара май жана газ компаниясынын кароолчусу менен өкмөттүк күчтөр атыша кетип, бир француз өлгөнү кабарланды.