Президент Д.Медведев менен чогуу 100дөн ашуун орусиялык ишкерлер дагы келди. Сүйлөшүүлөр маалында энергетика тармагында, өзгөчө күйүүчү газ жаатындагы кызматташууга көңүл бурулат. Алжир дүйнөдө күйүүчү газды экспорттоо боюнча 3-өлкө болуп эсептелет. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы Орусиянын Алжирге МиГ-29 тик учмаларын берүүсүнө байланышкан 2007-жылкы чырдын чечилиши күтүлүүдө.