Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

К. Ташиевдин үнү делген тасма боюнча козголгон ишти токтотуу сунушталды


“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы ачык билдирүү менен чыгып, “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири үнү Камчыбек Ташиевдики делген интернеттеги тасмага байланышкан факт боюнча Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишти токтотууга чакырууда. Коалициянын билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура жана Борбордук шайлоо комиссиясы “Ата Журт” партиясына эскертүү берүү менен гана чектелсе туура болот.

Өз кезегинде Башкы прокурор К.Байболов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, кылмыш иши “Ата Журт” партиясына же К.Ташиевге каршы козголбогонун, кылмыш иши “Ата Журт” партиясынын өзүнүн кайрылуусу жана пайда болгон материалдардын негизинде, факты боюнча козголгонун билдирди. (IJz)

XS
SM
MD
LG