Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:30

Укук коргоочулар окуучулар жөө жүрүшүн токтотууну талап кылышууда


“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” окуучулардын жөө жүрүшүн токтотуу талабы менен Борбордук шайлоо комиссиясына жана Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышты. Коалация добуш берүү күнүнүн так алдында шайлоо процессине байланыштуу иш-чараларга өспүрүмдөрдү тартуу аракеттерин баланын укугун бузуу катары баалады. Билим берүү министрлигин маалымат катчысы Айнура Канимбетова “Азаттыкка” бул акцияны жаштардын бейөкмөт уюумдары уюштуруп жатканын, министрликтин тиешеси жоктугун билдирди. Маалыматка караганда эртең Бишкектен башка өлкөнүн дээрлик баардык аймагында тынчтыкка чакырган өспүрүм окуучулардын жөө жүрүшү өткөнү жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG