Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

ММКдагы компроматтын негизинде партия шайлоодон четтетилбейт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев Интернетке жана айрым маалымат каражаттарына “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевге таандык деп жарыяланган аудио-видео тууралуу комментарий берип жатып билдирди. БШК Башкы прокуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка бул окуяны иликтеп талдоо боюнча өтүнүч жөнөткөнүн баса белгиледи. “Ата Журт” партиясы бүгүн жаңы кайрылуу менен чыгып, Бишкектеги кеңсесине кол салууну айрым деструктивдүү күчтөрдүн парламенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга жасаган аракети, деп баалады. Кайрылууда партиянын кадыр-баркын коргоо максатында аудио-видеолор боюнча сотко арыз жолдонгону айтылат. (EBM)

XS
SM
MD
LG