Кошмо Штаттары Ооганстан менен чек арада болгон чабуул үчүн Пакистандан кечирим сурады. Сентябрдын этегинде тик учактын чабуулунан пакистандык 2 жоокер каза тапкан. АКШнын Исламабаддагы элчиси Эн Паттерсондун билдирүүсүндө айтылгандай, тик учак аскерлерди козголоңчу деп кокусунан атып алган. Бул факт биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында тастыкталган. 30-сентябрда болгон окуядан кийин Пакистан чек арадагы өткөөлдү жаап, бейпилдик күчтөрүнө жүк ташыган кербендер Ооганстанга жете албай калышкан. Согушкерлер деп шектелген адамдар Ооганстанга бараткан ондогон машиналарды өрттөп жатышат. Акыркы андай кол салуу кечээ Пакистандын түндүгүндө катталды. Натыйжада НАТОнун күйүүчү май ташыган 26 танкери керектен чыгып калды.