Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Венгриядагы экологиялык кырсыктын кесепеттерин жоюу көпкө созулат


Венгриянын бийлиги алюминий заводунан аккан уулуу калдыктар Дунай дарыясынын куймасы Мошони-Дунайга жеткенин маалымдады. Адистер Европадагы экинчи ири дарыя болгон Дунайдын экосистемасы жабыркайт деп чочулашууда. Кечээ айлана чөйрөнү коргоо министри Золтан Иллеш экологиялык кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн 1 жылдай кетиши ыктымал деп айтты. Бүгүн болсо зыян тарткан аймакка премьер-министр Виктор Урбан барды. "Мындай масштабдагы экологиялык трагедия Венгрияда буга чейин эч качан болгон эмес",-деди премьер. Дүйшөмбү күнү Колонтар шаарынан алыс эмес жердеги заводдун резервуарынан топо аралаш уулу заттар ага баштап, 7 айылды каптаган. Кырсыктан 4 киши каза болду. Аймакты тазалоо иштери уланып жатат.

XS
SM
MD
LG