Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:42

Москвада Анна Политковскаяны эскерип жатышат


Бүгүн россиялык журналист Анна Политковскаянын киши колдуу болуп өлгөнүнө туура 4 жыл болду. Ал кездеги президент Путиндин Чеченстандагы саясатын катуу сындап келген журналистти 2006-жылдын 7-октябрында үйүнүн жанынан атып кетишкен. Кылмышкер азыркыга чейин табыла элек. Россиянын тергөө комитети кылмышты иликтөөнү 2011-жылдын февралына чейин узартуу жөнүндө маалымдады. Москвалыктар маркум жашаган үйдүн жанына эртеден бери гүл алып келип жатышат. Кечинде белгилүү коомдук ишмерлер, журналисттер, укук коргоочулар Политковскаяны эскерип митинг өткөргөнү жатышат.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG