Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

УКМК: К.Бакиевдин жакындары жөнөткөн ири акча кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындары Кыргызстанга 50 миңден 500 миң долларга чейин каражаттарды Казакстан аркылуу жөнөтүп турганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул каражаттар шайлоого катышып аткан партиялардын бирине багытталган, бирок кайсы партияга жөнөтүлгөнү тергөө купуялыгына байланыштуу айтылбайт. Каражаттар Казакстанда жайгашкан эл аралык банктарга чет жактардан которулуп, ал жактан унаа аркылуу Кыргызстанга жөнөтүлүп турган.

28-сентябрда УКМК уюштурган чукул иш-чаралардын натыйжасында Казакстан менен чектешкен “Ак жол” өткөрмө бекетинде кара түстөгү “Хонда Одиссей” маркасындагы унааны айдаган Кыргызстандын жараны кармалган. Анын унаасын текшергенде бажыканадан каттоодон өтпөгөн 700 миң доллар акча табылган. Бул факты боюнча УКМК Кылмыш кодексинин 204-беренеси боюнча, аткезчилик деген негизде кылмыш ишин козгоп, эки адам кармалган. Учурда тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG