Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Кыргызстан электр кубатынын акысына Орусиядан учак алышы мүмкүн


Бул туурасында транспорт жана коммуникация министри Эркин Исаков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын 13-сентябрында Орусиянын “Казань” авиация заводунун өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, анда Кыргызстандан сатып алынчу электр кубатынын акысынын ордуна учактарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Маалыматка ылайык, 2011-жылдын март-сентябрь айлары ичинде 2 миллиард кВт/саат электр энергиясын экспортоого мүмкүнчүлүк бар экендигин Энергетика министрлиги да тастыктыктаган. Натыйжада 50-60 миллион доллар өлчөмүндөгү акча каражаты учактарды сатып алууга багытталат. Бул суроо боюнча октябрь айынын экинчи жарымында келе турган Орусиялык өкүлдөр менен кененирээк сүйлөшүүлөр болмокчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG