Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Дүйнөдө финансисттер “валюта согушун” токтотууга чакырышууда

Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банк бүгүн “валюта согушунун” алдын алууну талкуулашат. Мындай коркунуч бар экенин Эларалык валюта корунун башчыларынын бири Доминик Стросс-Кан "Le Monde" гезитиндеги интервьюсунда айтты. “Кытай юанынын курсу жасалма түрдө кескин түшүп кеткени дүйнө экономикасында чыңалууну жаратып, азыр чоң коркунучка айланып баратат”, - деди ал. Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик дүйнө элдерине кайрылып: “Экспортту күчөтүш үчүн өз валютаңардын курсун төмөндөтөм дебегиле. Мындай саясат иштебейт”, - деди.
XS
SM
MD
LG